“1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү” кунүнө карата өткөрүлгөн иш -чаралар
1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү кунүнө карата 9 “а”-10 окуучу ,10 “а”-10 окуучу жана 11 “а”-10 окуучуларга “Биз СПИДке каршыбыз!” деген темада семинар өткөрүлдү.Семинар башталышынан мурда окуучулардан анкеталар алынды.Семинар аягында дагы окуучулар СПИД жөнундө канчалык түшүнүк алгандыгын анкета аркылуу текшерип анализ кылынды.Семинарга жалпы 30 окуучу катышышты.
1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү кунүнө карата 6-11 класс окуучуларына “Тамеки жана Насвайдын зыяндуулугу” боюнча видео тасмалар көрсөтүлдү.
Андан сырткары 5-8 класстар арасында “ХХ1 кылым жаштары СПИДке каршыбыз!” аттуу темада сүрөт конкурстары уюштурулуп өткөрүлдү.
2-11-класс окуучулары“1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү” кунүнө карата жат жазуулар жазышты.
Комментарии