№3 Райишбек Алибаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 2022-2023-окуу жылынын “Билимдер күнү” салтанаттуу аземи 2022-жылдын 1-сентябрь күну саат 9:00 дө башталып саат 10-00 дө аяктады. Салтанаттуу азем өтөтурган жер Кыргыз Республикасынын символдору, гулдөр,шарлар, ленталар менен жасалгаланды жана Кыргыз Республикасынын гимни менен башталып, Кыргыз Республикасынын гимни менен аяктады.
Салтанаттуу аземге Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү, ЖААК жана калкты паспорттоштуруу бөлүмүнүн башчысы Ч.Абдижамилов,Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн Масы айылы боюнча ага инспектору,милициянын капитаны Жолдошев Т, Ата-энелер комитетинин төрагасы Абдуллаев С, ардегер мугалимдерден М.Абдуллажанова, З.Орозбаева, Р. Назирбекова окуучулар жана мектептин мугалимдери толук катышты.
“ Биринчи коңгуроо” салтанаттуу аземи так түзүлгөн сценарийдин негизинде тынч жана окуучулар үчүн коопсуз өткөрүлдү.
Комментарии